Бишкектин тургундары Скрябин көчөсүндөгү жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттанууда
Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургундары Скрябин көчөсү №45 дарегиндеги жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттанышууда. Алар бул тууралуу «Элдик репортёрго» маалымдашты.
Тургундардын айтымында, аталган көчөнүн Дене тарбия окуу жайынын №2 жатаканасынын тушундагы тилкесинде жөө өтмөк жол жээгиндеги бордюрга келип такалат. Мындан улам коляска менен жүргөн жарандар жана велосипедчендер бийик бордюрдан аттап, андан соң арыктан өтүүгө мажбур болууда. Бул көйгөй аталган даректе 10 жылдан бери сакталып келет.
Мындан тышкары, айрым унаалар жөө өтмөктүн өзүнө келип токтотошот, бул жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жаратууда.
Тургундар бул маселе боюнча Октябрь райондук администрациясына бир нече жолу кайрылышканын, бирок жыйынтык чыкпай жатканын билдиришти. Жашоочулар райондун жаңы акими Жолдош Чуштуков жана Бишкек шаарынын мэриясы аталган жөө өтмөктү тартипке келтирүү боюнча чара көрөт деп күтүшүүдө.
Эгер сизде биз менен бөлүшө турган жаңылык болсо, «Элдик репортёрго» + 996 (995) 232-413 телефону аркылуу маалымат жөнөтсөңүз болот.


