Ысык-Көлгө 3 млн май-канат балыгынын чабагы коё берилди

30.03.2026 | 16:56

Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан Ысык-Көлгө 3 миллион даана май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары коё берди.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, иш-чарага Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Көлдү балыктандыруу максатында чабактар төмөнкү участокторго коё берилди:

  • 13-участокко – 1 миллион даана;
  • 40-участокко – 1 миллион даана;
  • 18-участокко – 500 миң даана;
  • 7-участокко – 500 миң даана.

Scroll to Top