ЕАЭБ Кыргызстан менен Арменияны кооперациялык долбоорлорго жигердүү катышууга чакырды

30.03.2026 | 17:42

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армениянын биримдиктин биргелешкен долбоорлоруна кыйла жигердүү катышуусун күтөт. Бул тууралуу Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук «Вести» маалымат тутумуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, биримдиктин алкагында экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир топ демилгелер ишке ашырылууда. Россия тарап Бишкек менен Еревандын кооперацияга жигердүү кошулуп, кошумча экономикалык пайда алуу мүмкүнчүлүктөрүн колдонуусуна кызыкдар.

Оверчук мындай долбоорлорго катышууну кеңейтүү эки өлкөгө тең ЕАЭБ алкагындагы интеграцияны чыңдоого жана биримдиктеги өнөктөштөр менен кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Scroll to Top