Кыргызстанда туризмдин кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд долларга жетти

30.03.2026 | 17:56

Кыргызстандын туризм тармагы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча туруктуу өсүштү көрсөтүп, экономикадагы ролун бекемдеди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянуу менен билдирди.

Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашып, 1,098 млрд долларга жетти, бул 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га көптүк кылат. Тармактык салым өлкөнүн ИДПсында 3,8%ды түзсө, дүң кошумча нарк 74,4 млрд сомго жетти.

Туризм секторунда 129 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект иш алып барат, бул бизнестин бул тармакка тартылуусунун жогорку деңгээлин айгинелейт.

Бийлик өкүлдөрү өсүштүн негизги факторлору катары өлкөнү эл аралык аренада алга жылдырууну, инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана тейлөө сапатын жогорулатууну, туристтик агымдардын географиясын кеңейтүүнү, ошондой эле ички туризмдин жана аймактардагы ишкердик жигердүүлүктүн жогорулашын аташты.

Экономика министрлиги тармактын өнүгүүсү туруктуу моделге — экологиялык стандарттарды сактоого, маданий мурастарды коргоого жана аймактардын тең салмактуу өнүгүүсүнө басым жасоо менен ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Кыргызстан Борбордук Азиядагы туристтик борбор катары позициясын чыңдоо багытын улантууда. Артыкчылыктуу максаттардын катарында — жыл бою иштөөчү туризмди өнүктүрүү, тармакты санариптештирүү, жаңы туристтик өнүмдөрдү түзүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү бар.

Scroll to Top