УКМК: Токмокто уюшкан кылмыштуу топко таандык курал-жарактар сакталган жай табылды

Токмок шаарында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, аталган жашыруун жайдан 2 кесилген мылтык, 2 мина, 1 өзүн-өзү жардыруучу түзүлүш, 1 граната, тротил, 1 бет кап, 2 бычак, 3 жандыргыч жана ар кандай калибрдеги патрондор табылып алынган.
“Аталган курал-жарак өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн, анын ичинде республикадагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн арналгандыгын жокко чыгарууга болбойт, бул үчүн атайын “ийгиликтүү мезгилдин” башталышы күтүлгөн”,- деп билдирди УКМК.
Учурда табылган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, алардын мурда жасалган кылмыштарда колдонулган-колдонулбагандыгын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.