Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу июндан ноябрга чейин убактылуу ачылат. Бирок жолдо кооптуу тилкелер көп

31.03.2026 | 10:56

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу ушул жылдын июнь айынан ноябрь айын чейин убактылуу ачылат. Мындай чечим элдин суранычы жана талабы боюнча кабыл алынганын президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда аталган жолдо коопсуздук үчүн кошумча курулмаларды куруу иштери жүрүүдө. Себеби көпчүлүк тилкелерде таш кулоо жана кар көчкү түшүү коркунучу дагы деле бар. Орунбеков 2014-жылы бул жолду салуу үчүн алынган насыялар уурдалып кеткенин, натыйжада курулуш сапатсыз жүрүп, кесепетинен жолдун коопсуздугун камсыздоо маселеси ушул убакытка чейин чечилбей келе жатканын билдирди.

“Бул жол 2014-жылы Кытайдан жана башка донорлордон (АБР, ИБР) алынган насыя менен башталган. Алынган насыянын жарымы эле ошол кездеги жетекчилер менен жооптуу адамдар тарабынан сол чөнтөккө солонуп кеткен. Каражат максаттуу жумшалбай, жумуш сапатсыз жүргөн. Бүгүнкү күндө мамлекет миллиарддаган сомдорду кошумча жумшап, кемчиликтерди жоюп, жолдун бүтпөгөн жерлерин бүткөрүүдө”,- деп билдирди ал.

Орунбеков жол кооптуу болгонуна карабай жарандар посттордо турган күзөтчүлөргө пара берип өтүп кетип жаткан фактылар бар экенин кошумчалады. Мындан улам жолду убактылуу ачуу чечими кабыл алынган. Анын айтымында, жол ноябрь айынан 2027-жылдын майына чейин кайра жабылат. Ал эми жолдун курулушу толук 2028-жылы аяктайт.

“Ага чейин кемчиликтери жоюлуп, кооптуу аймактар жасалат. Убагында уурдалган каражаттар боюнча кылмыш иши козголгон, сот иштери жүрүп жатат”,- деп билдирди маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси.

Scroll to Top