Бишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөт

31.03.2026 | 11:17

Кыргызстандын борбор калаасында ири тармактык иш-чара — «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык энергетикалык көргөзмөсү өткөрүлөт. КР Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү үчүн негизги аянтчага айланмакчы.

Көргөзмө Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин тармактык ведомстволорунун жетекчилерин, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн жана ири чет элдик инвесторлорду бириктирери күтүлүүдө. Жолугушуунун башкы максаты — энергетика чөйрөсүндөгү өнөктөштүктү чыңдоо жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Программанын негизги темалары:

  • энергетикалык компанияларды санариптик трансформациялоо;
  • энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү;
  • энергетикалык машина куруунун келечеги;
  • газ-мотордук отун рыногун өнүктүрүү;
  • электромобилдер үчүн инфратүзүмдү түзүү.

Иш-чаранын алкагында атайын экспозиция уюштурулуп, анда коноктор аймактагы алдыңкы компаниялардын жаңы технологиялык иштеп чыгуулары жана негизги инвестициялык долбоорлору менен тааныша алышат. «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» көргөзмөсүн өткөрүү ШКУ өлкөлөрүнүн энергетикалык потенциалын өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам болмокчу.

Scroll to Top