Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Жогорку Кеңеште комитеттердин ыйгарым укуктары кайра бөлүштүрүлөт
26.03.2026 | 14:21
Жогорку Кеңешке парламенттин жаңы түзүмүнө ылайык комитеттердин милдеттерин кайра бөлүштүрүүнү сунуштаган токтом долбоору киргизилди.
Долбоордо комитеттердин өз сунуштары эске алынып, алардын жоопкерчилик багыттары кайра каралды.
Эмне өзгөрөт:
- Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет — айрым маселелер кыскартылып, функциялардын кайталанышын азайтуу сунушталууда.
- Эл аралык иштер боюнча комитет — элчилерди, консулдарды жана туруктуу өкүлдөрдү дайындоого макулдук берүү ыйгарымы алынып салынат, бирок эл аралык келишимдер менен иштөө сакталат.
- Агрардык комитет — экология, жер казынасын пайдалануу жана суу ресурстары боюнча маселелер менен кеңейтилет.
- Илим жана билим берүү боюнча комитет — IT жана дин маселелери боюнча багыттар күчөтүлөт.
- Өнөр жай саясаты боюнча комитет — жетүүгө кыйын аймактардагы логистика жана мамлекеттик турак жай программалары кошулат.
- Финансы жана бюджет боюнча комитет — олуттуу өзгөрүүлөр жок, сунуштар эске алынган.
- Сот-укуктук комитет — судьялардын статусунан тартып бардык сот өндүрүштөрүнө чейин, ошондой эле прокуратура маселелерин камтыган кеңири ыйгарым укуктар бекитилет.
- Социалдык комитет — үй-бүлө, саламаттык сактоо, иш менен камсыз кылуу, гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселелерине көңүл бурат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Жогорку Кенеш