Алыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулууда

01.04.2026 | 10:50

Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасынын курулушу жүрүүдө. Президенттин аталган облустагы өкүлү Мамыржан Рахимов Зардалыга барыпЮ айылдын социалдык жана инфраструктуралык абалы, ошондой эле аянтчанын курулушу менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн маалыматында, айылда буга чейин кубаттуулугу 303 КВ болгон автономдуу күн фотоэлектрстанциясы орнотулуп, турак үйлөр жана социалдык объектилер электр жарыгы менен камсыз болгон. “Мега” компаниясы тарабынан уюлдук байланыш орнотулуп, тургундарга мобилдик байланыш жана интернет жеткирилген.

Мындан тышкары Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилген. Жалпы узундугу 18 чакырымды түзгөн бул жолдун курулушуна 888,9 млн сом жумшалган. Ошондой эле Кожешкен дарыясы аркылуу 30 метрлик темир көпүрө курулду.

Зардалы айылы Баткен районунун борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан. 2024-жылга чейин айылда электр жарыгы жана байланыш болгон эмес. Мурунку жол шарттарына байланыштуу октябрь айынан май айына чейин каттам токтоп калчу. Учурда Зардалы айылына жыл бою автоунаа менен баруу мүмкүнчүлүгү бар.

Scroll to Top