Ишпи же «каникул»бу? Кайсы депутаттар шайлоочулар менен жолукту
23-марттан 27-мартка чейин Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарда шайлоочулар менен иштеши керек болчу. Тийиштүү чечим парламенттин жыйынында кабыл алынган. Бирок бардык эле эл өкүлдөрү аткарган иштери тууралуу парламенттин басма сөз кызматына маалымат берген эмес.
Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган пресс-релиздерге караганда, депутаттардын бир бөлүгү шайлоочулар менен жолугушууларды өткөргөн.
Жалал-Абад облусу
Тактап айтканда, депутаттар Жылдыз Курманалиева жана Чолпонбай уулу Бекмырза Жалал-Абад облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн «Асыл-Ай» борборуна жана карылар үйүнө барышып, мекеменин ишмердүүлүгү жана негизги муктаждыктары тууралуу маалымат алышкан.
Депутат Алтынбек Кылычбаев үч нөөмөттө окуган мектептерге барып, имараттар коопсуздук талаптарына жооп бербестигин белгилеген.

Ал эми Талайбек Масабиров Базар-Коргон жана Сузак райондорунда болгон.
Ысык-Көл облусу
Рахат Жунушбаева Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугуп гана тим болбостон, Каракол шаарында коомдук кабылдама ачып, биринчи күндөн тарта эле жарандарды кабыл ала баштаган.

Депутаттар Гулкан Молдобекова жана Табылды Муратбеков жергиликтүү тургундар менен таштанды, эс алуу жайларынын абалы, таза суу маселелери жана аларды чечүү жолдорун талкуулашкан.
Баткен облусу
Баткен облусуна депутаттар Ырысбек Атажанов жана Бурул Аманова барышкан. Алар Жаңы-Достук, Бужум (Суу-Башы айыл өкмөтү) жана Жаңы-Жер (Төрт-Гүл айыл өкмөтү) айылдарындагы социалдык объекттердин курулушу менен таанышкан.
Ошондой эле Умай-Эне, Кыргыз-Кыштак айылдарындагы мектептердин жана Алга айылындагы (Молдо-Нияз айыл аймагы) оорукананын абалын көрүшкөн.

Кызыл-Кыя шаарына Жаныбек Аматов барган.
Ош облусу
Бул жерде өлкө боюнча эң жогорку депутаттык активдүүлүк байкалган.
Жаныбек Аматов Ынтымак жана Беш-Буркан айылдарынын тургундары менен жолугуп, Кызыл-Кыя шаарына да барган. Шайлоочулар каналдардын үстүнө тосмолуу көпүрөлөрдү орнотуу, жол белгилерин коюу жана таза суу менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүшкөн.

Бир катар депутаттар — Азамжан Джалилов, Улугбек Ормонов жана Сүйүнбек Өмүрзаков — Өзгөн районунун тургундары менен жолугушкан.
Мындан тышкары, Нилуфар Алимжанова, Уланбек Жаанбаев, Советбек Рустамбек уулу, Данияр Толонов, Илимбек Кубанычбеков, Азизбек Абдуллаев, Гулай Машрапова жана Азамат Исираилов да шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшкөн.

Алишер Козуев Кара-Суу районунда өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар тарбияланган мекемелердин иши менен таанышкан.
Гулнара Баатырова Кара-Кулжа районуна барып, социалдык объекттердин ачылышына жана Нооруз майрамына катышып, жазгы талаа иштерине даярдык маселелерин талкуулаган.
Чүй облусу
Токтобубу Ашымбаева Аламүдүн районунда мектептерди жана бала бакчаларды кыдырган.
Чолпон Эсенаманова Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев менен бирге Тунук жана Кайсар айылдарындагы көпүрөлөрдүн абалы менен таанышкан. Депутат жакынкы айларда Суусамыр өрөөнүнө бир катар райондордон мал айдалып келерин белгилеп, жолдорду оңдоо жана көпүрөлөрдү бекемдөө маанилүү экенин айткан.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Канатбек Чыныбаев да бул маселеге көңүл бурулуп, тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгилеген.
Ошондой эле тургундар депутатка таштанды полигондору жана жагымсыз жыт боюнча экологиялык көйгөйлөрдү айтышкан.

Мындан тышкары, Эсенаманова кесиптеши Улукбек Узакбаев менен бирге Жайыл жана Панфилов райондоруна, ошондой эле Кара-Балта шаарына барып, жолдордун абалын көрүп, спирт заводун кыдырышкан.
«Депутаттар заводдун агынды суулары топтолгон фильтрациялык аянтчаны көрүштү. Ал жерден чыккан жагымсыз жыт айланадагы айылдарга таралып, абаны булгап жатат. Алар завод жетекчилиги менен жолугуп, маселени модернизациялоо аркылуу чечүү жолдорун талкуулашты», — деп айтылат маалыматта.
Депутаттар тургундар менен да жолугушкан. Алар ачык жайгашкан таштанды полигонунан чыккан жыт жана шамал менен учкан таштандылар жакынкы айылдарга чейин жетип жатканын айтып, полигонду башка жерге көчүрүүнү сунушташкан.

Медербек Алиев, Эдита Тайгараева жана Абдылдабек Эгембердиев Сокулук районунун тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү инфраструктура маселелерин талкуулашкан.
Нарын облусу
Нарын облусуна Кубанычбек Самаков Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков менен барган. Алар фермерлердин көйгөйлөрүн угушкан.

Мындан тышкары, 634 гектар жайыт жерлерин сугат айдоо аянттарына айландыруу жана аны жергиликтүү тургундарга бөлүштүрүү маселеси талкууланган.
Кочкор районунда Адилет Белеков болгон.
Бишкек шаары
Борбор калаада жолугушуулар үч райондо гана өткөн.
Ленин районунда Жылдыз Садырбаева үй-бүлөлүк медицина борборлорун кыдырып, тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен талкуулаган.

Үй-бүлөлүк медицина борборуна депутат Карыбек уулу Улукбек да барып, Свердлов районундагы №10 ЦСМде текшерүү жүргүзгөн. Ал жарандарды бекер дары-дармек менен камсыз кылуу системасын жана дары-дармектердин стандартка шайкештигин караган.
Биринчи май жана Свердлов райондорунун тургундарынын көйгөйлөрүн Токтобубу Ашымбаева жана Темирлан Айтиев укту.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, ошондой эле депутаттар Эльвира Сурабалдиева жана Умбеталы Кыдыралиев Биринчи май районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга вице-мэр жана шаардык түзүмдөрдүн жетекчилери да чакырылып, тургундардын көйгөйлөрүн угушту.
Бул мезгилде калган эл өкүлдөрүнүн эмне менен алек болгону тууралуу маалымат жок. Парламенттин басма сөз кызматы алардын аймактарга жасаган сапарлары тууралуу отчетторду жарыялаган эмес. Алар бул жуманы «талаада» (жер-жерлерде) иштөө менен өткөрүштүбү же жөн гана каникулдан пайдаланып эс алууну чечиштиби — азырынча белгисиз.