Ташкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койду

01.04.2026 | 11:32

Ташкент шаарында жана облусунда абанын сапатын жакшыртуу максатында жасалма жол менен жаан-чачын жаадыруу ишке ашырылат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгында айтылат.

Документке ылайык, бул үчүн атайын жабдуулар орнотулат, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2027-жылдын 1-октябры.

Эскерте кетсек, март айынын аягында Кытай Кыргызстанга 12 дрон өткөрүп берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Учкучсуз аппараттар айыл чарба иштерине, анын ичинде өсүмдүктөрдү коргоого, айыл чарба жерлерине мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жасалма жол менен жаан-чачын жаадыруу иш-чараларын ишке ашыруу үчүн колдонулары кабарланган. Аны менен катар, дрондорду колдонуу тармагындагы адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу борборун түзүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Келечекте Кыргызстанда учкучсуз аппараттарды өндүрүүчү завод куруу пландаштырылган.

Scroll to Top