Жогорку Кеңеш жана БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктү чыңдашат

01.04.2026 | 12:18

31-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Диалогдун негизги темасы Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоо болду.

ТӨМдү ишке ашыруу боюнча парламенттин жумушчу тобун да жетектеген Алтынбек Кудайбердиев БУУ менен кызматташууга чоң кызыкдар экенин билдирди. Ал топтун курамына депутаттар, ошондой эле Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана алардын орун басарлары киргенин маалымдады.

«Жумушчу топ көптөгөн багыттар боюнча иш алып барууну пландап жатат жана иш пландары буга чейин аныкталган. БУУнун эксперттик колдоосу менен Туруктуу өнүгүү максаттарын аткарууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыра алабыз деп ишенебиз», — деп белгиледи комитет башчысы.

Өз кезегинде Антье Граве БУУ Кыргызстандын мыйзам чыгаруу органы менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин ырастады. Ал ТӨМдүн негизги артыкчылыктары Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына буга чейин эле интеграцияланганын баса белгиледи. БУУнун Туруктуу координаторунун пикири боюнча, бул стратегиялык багыттарды иш жүзүндө ишке ашырууда парламент фундаменталдык ролду ойнойт.

Scroll to Top