Чүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды

01.04.2026 | 15:42

Бүгүн, 1-апрелде, Чүйдө «Асыл Тери» тери иштетүүчү заводунун курулушу расмий түрдө башталды. Курулушка мезгил кутусун салуу аземине айыл чарба министри Эрлист Акунбеков катышты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, завод 103 гектар аянтты ээлеген «Кыргыз Агрохолдинг» ААКынын Чүй агроөнөр жай зонасында жайгашат. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 12 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар мамлекет тарабынан каржыланууда.

Ишкана ишке киргенден кийин суткасына 24 тоннага чейин чийки терини иштетүү кубаттуулугуна ээ болот. Бул мал чарбачылыгынын чийки зат базасын пайдаланууга, тери тармагында толук өндүрүштүк чынжыр түзүүгө жана бут кийим менен тиричилик продукцияларын өндүрүүгө шарт түзөт.

Долбоорду башкаруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Тойбос» компаниясы менен биргеликте жүргүзүлөт.

Scroll to Top