Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Чет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
01.04.2026 | 16:07

Агартуу министрлиги Кыргызстанда жашаган чет өлкөнүн жарандары балдарын мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына кантип каттаса болорун түшүндүрдү.
Ал үчүн алгач калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) кайрылып, Кыргыз Республикасынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) алуу керек. Андан соң https://1mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, керектүү маалыматтарды толтуруп, каттоодон өтүү керек.
Бүгүн, 1-апрелде, өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы башталды. Каттоо 1mektep.edu.gov.kg платформасындагы жеке кабинет аркылуу жүргүзүлөт. Быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.