Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразы
Жогорку Кенешнин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева мугалимдерден түшүп жаткан кайрылуулар тууралуу билдирди.
Анын айтымында, тарых, география, англис тили, кыргыз тили жана орус тили сыяктуу гуманитардык сабактарды окуткан мугалимдер эмгек акы эсептөөдө колдонулган коэффициенттер адилетсиз экенин айтып жатышат. Мугалимдердин белгилешинче, эмгек, музыка, дене тарбия жана сүрөт сабактары да баланын инсан катары калыптанышында чоң мааниге ээ болгону менен, бул багыттагы мугалимдердин эмгеги жетиштүү деңгээлде бааланбай келет.
Натыйжада, алардын айлык акысы кээ бир учурларда башталгыч класстын мугалимдерине салыштырмалуу төмөн болуп калууда. Бул көрүнүш мектептерде предметтерди “керектүү” жана “керексиз” деп бөлгөн туура эмес түшүнүктү жаратып жатканы айтылды.
Ошондой эле, бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдө (ОРТ) бул предметтер боюнча да сынак тапшырары белгиленди.
Мындан тышкары, мугалимдер жумалык жүктөмдү 27 сааттан ашырбоо боюнча чектөөнү да туура эмес деп эсептешет. Мектептерде бош сааттар болгону менен, мугалимдер аларды алуудан баш тартышат, анткени мындай сааттар толук ставка катары эмес, алмаштыруу сааттары катары төлөнөт.