КР Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча чаралар аныкталды

02.04.2026 | 10:27

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев энеликти жана балалыкты коргоо маселелерине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Жолугушуунун негизги темасы — медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана энелер менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүнө болгон тобокелдиктерди азайтуу жолдорун издөө болду.

Кеңешмени ачып жатып, Бакытбек Кадыралиев энелердин өлүмү менен күрөшүүдө бейтаптардын өздөрүнүн катышуусусуз ийгиликке жетүү мүмкүн эместигин баса белгиледи. Анын айтымында, натыйжа көбүнчө жарандардын дарыгерлердин сунуштамаларына канчалык жоопкерчиликтүү мамиле кылганынан көз каранды.

«Ар бир кош бойлуу аял өз убагында каттоого туруп, келечектеги баласынын ден соолугу үчүн жоопкерчиликти алышы маанилүү. Саламаттык сактоо тутуму тарабынан биз көзөмөлдү, коштоону жана зарыл болгон медициналык жардамды камсыз кылууга милдеттүүбүз», — деди министрдин орун басары.

Учурдагы көрсөткүчтөрдү талдоо учурунда аймактардагы ишке өзгөчө көңүл бурулду. Адистер облустарда өнөкөт оорулары бар жана башка тобокелдик факторлоруна ээ кош бойлуу аялдардын саны дагы деле көп экенин белгилешти.

Кырдаалды жакшыртуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү милдеттерге басым жасоону пландаштырууда:

  • Регистрди жүргүзүү: электрондук тутумда ар бир кош бойлуу аялды так эсепке алуу.
  • Эрте диагностикалоо: мүмкүн болгон татаалдашууларды өз убагында аныктоо үчүн баштапкы звенодогу дарыгерлердин ишин күчөтүү.
  • Ооруканага жаткыруу: зарыл болгон учурда бейтаптарды стационарларга ыкчам багыттоону камсыз кылуу.

Ведомство ошондой эле узак мөөнөттүү максаттарды белгиледи. Алардын катарында — медициналык кадрлардын квалификациясын туруктуу жогорулатуу, алыскы райондордо адистештирилген жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана кош бойлууларды «багыттоо» (маршрутизация) тутумун (аялдарды оорунун татаалдыгына жараша керектүү медициналык мекемелерге жөнөтүүнүн так схемаларын) өркүндөтүү бар.

Scroll to Top