Кыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлду

02.04.2026 | 10:51

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров транспорт каражаттарынын (ТК) айрым категорияларын жана аларга болгон менчик укугун онлайн каттоону убактылуу ишке киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Такталгандай, бул жаңычылдык эксперименталдык мүнөзгө ээ жана 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин колдонулат. Анын жыйынтыгы боюнча транспорт каражаттарын туруктуу онлайн каттоого өтүү мүмкүндүгү тууралуу чечим кабыл алынат.

Жарлыкка ылайык, эми унааларды каттоо жана менчик укугун жол-жоболоштуруу боюнча процедуралардын бир бөлүгүн аралыктан (дистанциялык түрдө) өтүүгө болот. Сөз санариптик кызматтарды сыноо жана мамлекеттик кызматтарды алууну жөнөкөйлөтүү үчүн киргизилип жаткан убактылуу укуктук режим жөнүндө болуп жатат.

Долбоорду ишке ашыруу милдети Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго, «Кызмат» мамлекеттик мекемесине, «Түндүк» ААКсына, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлөт.

Аталган мекемелерге системанын техникалык ишин камсыз кылуу, калкка жаңы эрежелер тууралуу маалымат берүү жана аны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча үзгүлтүксүз отчет берип туруу тапшырылды.

Сыноо ийгиликтүү өткөн шартта, бийлик ТКны жана менчик укугун туруктуу онлайн каттоону киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү өзүнчө ЧУА (ченемдик укуктук акт) даярдоону пландаштырууда.

Онлайн формат кезек күтүүлөрдү кыскартууга, документтерди жол-жоболоштурууну тездетүүгө жана процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берери белгиленет.

Эскерте кетсек, буга чейин ТКны онлайн каттоонун тартиби маалымдалган

Scroll to Top