Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Этникалык кыргыздар болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди
30.03.2026 | 10:37

Тышкы иштер министрлиги өлкө аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөртүлгөнүн маалымдады. Ага ылайык, жүрүү мөөнөтүнөн өтүп кеткен же документтерин өз убагында бүтүрбөгөн этникалык кыргыздарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргызстандын аймагына бир жолу кирүү укугу берилет. Аталган жарандар 30 жумушчу күндүн ичинде өзүнүн укуктук макамын легалдаштырууга тийиш.
Киргизилген өзгөртүүлөр миграциялык процесстерди жөнгө салууга жана чет өлкөлүк жарандардын жүрүүсүн мыйзамдаштыруу механизмдерин тартипке келтирүүгө багытталган.
Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин токтому менен кабыл алынды. Токтом расмий жарыялангандан кийин он күн өткөндөн соң күчүнө кирет.