Бишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырды
Бишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалды
03.04.2026 | 14:41

Бишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелип, 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Үстүбуздөгү жылдын 27-январында милицияга К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 26-январь күнү борбор калаадагы мечиттердин биринен белгисиз адам «Redmi» маркасындагы уюлдук телефонун уурдап кеткени билдирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Издөө иштеринин натыйжасында 2008-жылы тулган С.А. аттуу шектүү аныкталып, кармалды. Ал учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Милициянын маалыматында, кармалган жарандын ушул сыяктуу дагы эки кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар