Бишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды

03.04.2026 | 17:55

Бишкекте иттер кол салган 6 жашар баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери жабырлануучудан кабар алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык милициясынын МККК полкунун туристтик ротасынын командири Тимурлан Кулназаров иттердин буга чейин кызматтык милдетин аткарып жатып, кайгылуу окуядан кийин баланы ыкчам түрдө ооруканага жеткирүүгө көмөк көрсөткөн.

Милициянын маалыматында, учурда баланын абалы турукташып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Милициянын кызматкери 6 жашар Умардан кабар алып, аны менен баарлашып, абалын сурап, колдоо иретинде белектерди тапшырган.

Эске салсак, 1-апрелде Калыс-Ордо-2 конушунда бала иттерге таланып, ооруканага түшкөн. Бала оор жаракаттарды алып, тез арада №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Милиция бул окуя боюнча кылмыш ишин козгогон.

Scroll to Top