Автобустарда телефон уурдап жүргөн. Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылып жүргөн деген шек менен 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук милициясына жаран арыз менен кайрылып, №51 автобустун ичинен анын баасы 40 миң сомдук «iPhone 12 Pro Max» телефону уурдалганын билдирген. Бул факт боюнча “Уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында уурулукка шектелип, 41 жаштагы С.Г. аттуу жаран кармалган. Тергөөдо ал буга чейин бир нече жолу соттолгону жана чөнтөк ууру катары каттоодо турганы аныкталган.
Тергөө учурунда шектүү кылмыш жолу менен алынган беш даана уюлдук телефонду өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.