Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Адылбек Касымалиев Алексей Оверчук менен жолугушту — анда эмнелер талкууланды
09.04.2026 | 10:31
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы өлкөгө иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
КР Министрлер кабинетинин маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири алкагындагы маселелер талкууланды.

Ошондой эле тараптар алдыда өтө турган Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына даярдык көрүү маселелерин карашты.
Стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү духунда эки өлкө үчүн тең артыкчылыктуу болгон багыттарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Теги: Кыргызстан, Орусия