Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя: Мектептин завучу кармалды

09.04.2026 | 14:56

Нарында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйган окуя боюнча бала окуган Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектептин директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ИИБи Reporter.kg’ге билдирди.

Буга чейин бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон.

Кайгылуу окуя Нарын районунун Ийри-Суу айылында болгон. Облустук милициянын маалыматында, 1-апрелде 2012-жылы туулган окуучу өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып алган абалда табылган.

Бул окуя парламентте да көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева ишти көзөмөлгө алууну суранган. Депутаттын айтымында, окуучунун өз жанын кыюусуна мектепте дайыны табылбай калган 110 сом себеп болушу мүмкүн. Мектептин тарбия завучу акчаны жоголушун маркум окуучудан көрүп, аны кабинетинде суракка алган. Ушул окуядан кийин бала өз жанын кыйган. Ошондой эле депутат бул ишти жаап коюу аракети да болуп жатканын билдирген.

Scroll to Top