Бишкекте 3 саатта туура эмес токтотулган 37 унаа аныкталып, айып короосуна киргизилдиЖаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде транспорттук түйүн курулат2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумарына кандай ысым берилгени белгилүү болдуАӨБ Кыргызстандын 2026–2027-жылдарга карата экономикалык өнүгүү божомолун жарыяладыКара-Суудагы Талдык каналы толук реконструкцияланатУКМК: Талас медициналык коллежинде кызматкер 14 жыл жумушка келбей, айлык алып турган
10-апрелге карата аба ырайы
10.04.2026 | 09:00

Бүгүн, 10-апрелде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 17…22°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 3…8°C, күндүз 12…17°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 18…23°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 18…23°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 18…23°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8°C, күндүз 13…18°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 2…7°C, күндүз 11…16°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 6…8°C, күндүз 19…21°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом