Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин бойлой монорельс куруу каралуудаКыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологияларБакытбек Адылов президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиAsman Airlines беш жылда учактарынын санын 10го жеткирүүнү пландоодоТокаев казак сөздөрүнүн ордуна араб сөздөрүн колдонууну сынга алдыБаткенде чек ара жаңжалынан жабыркаган 180 жаранга экинчи турак жайлары берилүүдө
Эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деген шек менен жаран кармалды
06.04.2026 | 10:03

УКМК эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелип, Ю.В. аттуу жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбор Азия аймагында «халифат» түзүү идеяларын жактай турганы аныкталган. Ал эмгек миграциясында жүргөн мезгилде террордук ишмердүүлүктү каржылоо менен алектенген эл аралык террордук уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган.
“Мындан тышкары, Ю.В. чет мамлекеттин аймагындагы согуш жүрүп жаткан аймактардын бирине чыгып кетүүнү жана мурда КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмдун башчысына кошулууну пландаган”,- деп билдирди атайын кызмат.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар