Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

09.04.2026 | 17:45

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен ал КРнын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Буга чейин Эдил Байсалов «Манас» университетинде сүйлөгөн сөзүндө өкмөттүн курамынан кетерин өзү жарыялап, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызматында 4,5 жыл иштегенин белгилеген. Ал билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият маселелерин камтыган социалдык блокту көзөмөлдөп келген.

Вашингтонго дайындалуу ЖМКларда буга чейин америкалык тараптан агреман алынгандыгы тууралуу тараган маалыматты тастыктады.

Scroll to Top