Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды
08.04.2026 | 11:16

Бүгүн, 8-апрелде, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Комиссиянын маалыматында, Эгембердиев мандатын жеке арызынын негизинде тапшырган. Ал эмне себептен мантадын тапшырганы белгисиз.
Абдылдабек Эгембердиев 2025-жылдын декабрында №19 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал парламентте «Ынтымак Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат