Кара-Суудагы Талдык каналы толук реконструкцияланат

Оштун Кара-Суу районундагы Талдык каналы жана анын башкы суу курулмалары реконструкцияланат. Учурда бул үчүн долбоордук документтер даярдалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министр Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарында аталган каналдын абалы менен таанышкан.
Мекеменин маалыматында, талдык каналы 1971-жылы пайдаланууга берилген. Анын узундугу 22 чакырымды түзөт. Долбоор боюнча каналдын суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 1,25 м³ болушу керек болсо, учурда бул көрсөткүч 0,1 м³/с түзөт. Канал жалпы 1250 гектар жерди суу менен камсыз кылууга ылайыкталган.
Учурда каналдын басымдуу бөлүгү жараксыз абалга келгендиктен, сугат суу Топ-Терек айылына гана жеткирилүүдө. Ал эми Өжөр жана Кызыл-Тал айылдарына багытталган суу куурлары иштен чыккандыктан, аталган аймактарга суу берилбей келген. Мындан улам каналды капиталдык оңдоо чечими кабыл алынган.