Бишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды

Бишкек шаарындагы А. Токтоналиев көчөсүндө көп функционалдуу спорт комплекси пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине мэр Айбек Жунушалиев жана шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Усеналиев катышты.
Мэриянын маалыматында, объект футбол, волейбол, баскетбол, шайбалуу хоккей, гандбол жана бадминтон түрлөрү боюнча адистешкен балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин базасы болуп калат. Мектепте 108 окуу-машыгуу тобунда 1600дөн ашык спортчу машыгып, 41 машыктыруучу иш алып барат. Мектептин буга чейин өздүк базасы болгон эмес.
Имараттын жалпы аянты 2 296 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу имараттын биринчи кабатында эки спорт аянтчасы, чечинүүчү бөлмөлөр, машыктыруучулар, калыстар жана кызматкерлер үчүн жайлар жайгашкан. Экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет жана техникалык бөлмөлөр орун алган. Долбоорду «Аль Фирдаус» компаниясы ишке ашырган.