Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн жумушчу кыдыруусунун жүрүшүндө борбор калаанын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорлору, анын ичинде Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги өзгөртүүлөр менен таанышты. Бул тууралуу калаа муниципалитетинен билдиришти.
Мэриянын маалыматы боюнча, проспектте “Фрунзе” турак жай комплексине жана “Ала-Арча” соода-оюн-зоок борборуна кошумча кире бериш жолдорду уюштуруу пландалууда.

Ошондой эле, светофор орнотуу менен эки жаңы жолду куруу маселеси каралды:
- Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейинки узундугу 1,3 чакырымды (километр) түзгөн, эки тилкелүү Миңжылкыев көчөсү.
- Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки узундугу 1,1 чакырымды түзгөн, төрт тилкелүү Арстанбек Дүйшеев көчөсү.

Белгиленгендей, Миңжылкыев көчөсүн курууда жол окуу корпустарына жакын өткөндүктөн, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жанаша жайгашкан аймагынын бир бөлүгү колдонулат.

Жөө жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында долбоордо жер астындагы өткөөлдөрдү куруу каралган.