Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына келди. Ал Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жазгы жолугушууларына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Касымалиев Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана вице-президенти Антонелла Бассани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору жана учурдагы долбоордук портфелди ишке ашыруу маселелери каралат.
Ошондой эле АКШ Президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу консультациялар пландаштырылган. Тараптар экономикалык өнөктөштүктү бекемдөө перспективаларын талкуулашат.
Мындан тышкраы Адылбек Касымалиев Meta, Oracle, NVIDIA жана SpaceX корпорацияларынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт. Анда мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо жана жасалма интеллект инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жумушчу сапардын жыйынтыгында эл аралык институттар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюу күтүлүүдө.