Кыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиАлимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайтКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчы
Жапайы жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү жогорулады
09.04.2026 | 12:37

Министрлер кабинети жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтиргендерге айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Жаңы ченемдерге ылайык, тоо текени мыйзамсыз атуу үчүн айып пул 300 миң сомду, элик үчүн 100 миң сомду түзөт. Ак жана кара илегилектерге зыян келтиргендиги үчүн 30 миң сом өлчөмүндө айып пул белгиленди.
Документте каражаттарды бөлүштүрүү механизми да каралган. Өндүрүлгөн каражаттардын бир бөлүгү экологиялык укук бузууларды аныктаган жана аларды тариздөөгө көмөктөшкөн адамдарды материалдык жактан сыйлоого жумшалат.
Бул чаралар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана браконьерлик менен күрөшүү максатында кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом