Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль утту

13.04.2026 | 11:50

Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

57 кг чейинки салмакта күч сынашкан Абдымалик Карачов чейрек финалда Тажикстандын спортчусун 8:4 эсебинде жеңип, жарым финалда Монголиянын өкүлүнө 1:4 эсебинде утулган. Коло медаль үчүн беттеште кореялык балбан Сангвон Ким килемге чыкпагандыгына байланыштуу жеңиш Карачовго берилген.

Ал эми 70 кг чейинки салмакта кармашкан Эрназар Акматалиев чейрек финалда Жапониянын балбанын 12:9 эсебинде жеңген. Жарым финалда Индиянын спортчусуна 3:6 эсебинде утулуп калган. Үчүнчү орун үчүн беттеште Кытайдын балбанын 14:7 эсебинде утуп, коло медаль алган.

Дагы бир балбан Жакшылык Байташов алгачкы беттешинде Индиянын өкүлүнө 0:7 эсебинде утулган. Көңүл жубатуучу беттеште Иорданиянын балбанын 6:2 эсебинде жеңген. Коло байге үчүн беттеште Тажикстандын спортчусун 6:0 эсебинде утуп, үчүнчү орунду ээлеген. Байташов 79 кг чейинки салмакта күч сынашты.

92 кг чейинки салмакта Яков Чаплин чейрек финалда Тажикстандын балбаны менен 2:2 эсебинде күрөшүп, акыркы аракеттин негизинде жеңүүчү деп табылган. Жарым финалда Бахрейндин спортчусуна 0:8 эсебинде утулган. Коло медаль үчүн беттеште Кытайдын өкүлүн 6:4 эсебинде жеңген.

Scroll to Top