Согуштун жыты бар, бирок коркуу жок

13.04.2026 | 12:51

Кыргызстандык ыктыярчы Кадыр Маликов Ливандагы палестиналык лагерлердеги Рамазан айы, батанын айланышы жана жаңы эсхатология тууралуу.

Ыйык Рамазан айында “Аль-Умма” кайрымдуулук фондунун ыктыярчысы Кадыр Маликов Ливандын түндүгүндөгү Нахр-аль-Баред палестиналык качкындар лагеринде болуп кайтты. Сапардын максаты жаңы мечит ачуу болгон, бирок АКШ менен Израиль Иранга абадан сокку ура баштагандан кийин, миссия согуштук репортаждар менен чектешкен гуманитардык операцияга айланган. Кадыр Маликов Reporter.kg менен болгон маегинде качкындар акыркы нанын бөлүшкөнүн, эмне үчүн палестиналыктар «туура эмес» өлкөлөрдүн жардамын албай турганы жана Эпштейндин тизмелери менен үч диндин эсхатологиясынын ортосунда кандай байланыш бар экени тууралуу баяндайт.

— Рамазан айында жан дүйнөнүн чек аралары ачылат дешет. Сиз физикалык чек араны, тактап айтканда, Ливандагы палестиналыктардын лагерин ачтыңыз. Эмне үчүн бул мезгилди тандадыңыз?

— Бул менинаталган чөлкөмгө алгачкы сапарым болду. Жубайым “Аль-Умма” фондунун жетекчиси Лиана Саттарова Газа элине жардам берип жүргөнүнө 3 жыл болду. Бул жолу фонд Ливандагы “Нахр аль-Баред” лагеринде мечит куруп, ачылышы Рамазан айына туш келди. Адатта, биздин Рамазан күнүмдүк жашоо, бири-бирибизди конокко чакыруу, чатыр тигүү менен коштолот. Ал эми бул жерде Куранда айтылгандай, ата-энесинен айрылган жетимдерге, үй-жайсыз калган жакырларга жардам берүү мүмкүнчүлүгү болду. Бул менин жашоомдогу эң мыкты Рамазан болду.

— Ливандагы лагерлер чөлдөгү чатырлар эместиги белгилүү. Анклавда камалып жашаган 50 миң адамдын турмушу кандай?
— Бул аймак аскердик күчтөр менен курчалган. Ал жерге кирип баратканда көзөмөл-өткөрмө пунктунан өтөсүң, паспортуңду куралчан офицерлерге тапшырасың, жанында танктар турат. Палестиналыктарга ал жерде беш кабаттан бийик имарат курууга тыюу салынган, ошондой эле көптөгөн адистиктер боюнча иштөөгө укуктары жок. Бирок парадокс алар билим алууну токтотушпайт. Көпчүлүгүндө түрк университеттеринен алган онлайн-PhD даражалары бар. Атүгүл жарык тынымсыз өчүп турган лагерде да адамдар күн батареяларын колдонуп, окуп отурушат. Биз курган мечит лагердеги эң заманбап мечит болду, камералары, килемдери жана билим берүү үчүн класстары бар.

— Ракеталар, дрондор, жабык асман. Корктуңузбу?
— Сыртынан караганда согуш, коркунучтуудай сезилет. Бирок ичинде таң калыштуу тынчтык болду. Согуштун жыты бар эле — ракеталарды көрдүк, качкындарды көрдүк. Бирок дүрбөлөң болгон жок. Алар буга көнүп калышкан. Биз түндүктө болчубуз, ал жакка башында түштүктөн качкындар келишкен. Таң калычтуусу башка нерсе болду, Бейрутка жана Ливандын түштүгүнө соккулар башталганда биринчи эле күнү 100 миңге жакын адам түндүккө качууга мажбур болду. Адатта 2 сааттык болгон жол 18 саатка созулган тозокко айланды.

«Муктаждар өздөрү эшик ачышты»

— Сиздин миссияңыз курулуш миссиясынан куткаруу миссиясына айланыптыр. Кыргызстандык ыктыярчылар согуш башталганда эмне кылышты?

—Биз сегиз киши элек. Калууну чечтик. Алгачкы күндөрү түштүктөн качып келгендерге ысык тамак, нан, төшөк жана жууркандарды тараттык. Бирок мени таң калтырганы башка болду. Биз жардам бергени барган палестиналыктар өздөрү жаңы качкындарга жардам бере башташты. Бир бөлмөгө эки-үч үй-бүлө жайгашышты. Лагердеги наабайканалар бекер иштеди. Адамдар көчөгө чыгып, өтүп бара жаткандардан: «Үйүң жокпу? Менин үйүмө кел» деп сурап жатышты. Бул Рамазан айы эле. Исламдагы агымдардын айырмачылыгына карабай (Ливандын түштүгү шииттер, түндүгү сунниттер), алар бир эле. Бир үммөт.

— Сиз жаңы мечитте жума баянды кыргыздын улуттук кийимин кийип окудуңуз. Дээрлик жарым саат бою эмне жөнүндө сүйлөдүңүз?

— Мен биз жөн гана гуманитардык жардам менен келбегенибизди айттым. Биз алардан чыдамкайлыкты жана туруктуулукту үйрөнүү үчүн келдик. Айрым эркектер ыйлашты. Насааттан кийин видео бардык палестиналык каналдарда көрсөтүлдү. Азиялык келбеттүү адамдардын миңдеген чакырым алыстыктан келгени алар үчүн таң калыштуу болду. Алар башында “Кыргызстан” деген сөздү айта албай жатышкан, кийин “Кыргызстан!” деп кыйкырып жатышты. Биз элчи болуп калдык. Алар акчалуу арабдарды күтүшкөн, бирок күтүлбөгөн жерден колдоо алышты.

«Аларды тирүүлөй көмүшөт, бирок алар ишенишет»

— Сиз так соккулардын курмандыктарын көрдүңүз. Тирүү калгандар эмне деп айтып беришти?
— Бир ирет дрон бир үй-бүлө уктап жаткан үйгө сокку урду. Жалаң балдар, аялдар каза болду. Кошунасы дени сак, чымыр денелүү киши ыйлап жатты: анын бир туугандай катташкан достору, үй-бүлөсү урандылардын астында калган. Дагы бир окуя: кызы менен бир аял аскерлер алардын айылына кантип келгенин айтып берди. Эркектерди атып салып, балдарды тирүүлөй көмүшкөн. «Бизге бир гана кызды калтырып, жетет дешти», — деп ыйлады ал. Азыр дарыгерлерге, тез жардам унааларына да ракеталар менен сокку урушууда. Бул согуш эмес, адамзатка каршы кылмыш.

— Ошол эле учурда Палестина айрым өлкөлөрдүн жардамынан баш тартууда. Ар-намыс тамактан да жогору турабы?

— Ооба. Айрым учурларда палестиналыктар агрессияны колдогон өлкөлөрдүн гуманитардык жардамын ыргытып жиберген көрүнүштөр болду. Алар ачка, бирок жардамды кабыл алышпайт. Анткени алар муну кабыл алуу зомбулукту мыйзамдаштыраарын түшүнүшөт.

Сиз учак менен эмес, жүк ташуучу кеме менен эвакуацияланганыңызды айттыңыз.

— 12 саат деңизде жүрдүк, андан кийин катуу шамалдан улам 8 саат бою Түркиянын жээгине токтой албай турдук. Бизди, чет элдиктерди: канадалыктарды, европалыктарды алып кетишти. Күйүүчү май түгөнүп бараткандыктан, адамдар отун жагып жылынып жатышты. Бул акыркы каттам эле.

«Эпштейндин тизмеси жана Үчүнчү Храм»

Сиз бүт мамлекеттердин «беткаптары чечилди» дегенде, эмне жөнүндө айтып жатасыз?

— Бүгүнкү күндө диний негизди жашыруу мүмкүн болбой калды. Кнессеттеги билдирүүлөрдү, Вашингтондогу министрлердин сүйлөгөн сөздөрүн караңыз, алар ачык эле Үчүнчү Храм жана Машаяктын келиши жөнүндө айтып жатышат. Мурда муну кутум теориясы деп аташчу. Бирок дүйнөлүк элита аралашкан Эпштейндин тизмелери жарыяланган соң ритуалдык жагы бар экени түшүнүктүү болду. Бул жөн гана мунай үчүн же дүйнөнү кайра бөлүштүрүү үчүн күрөш эмес. Бул эсхатология — иудей, христиан жана ислам түшүнүктөрүндө да бар. Баары бир эле нерсени: Антихристтин келишин, дал ушул Шам жериндеги (Сирия, Ливан, Иордания, Палестина) чоң согуштарды сүрөттөйт.

«Келечегиңерди өзүңөр пландагыла, болбосо аны башкалар пландап коёт»

Жакынкы Чыгыштагы окуяларды Бишкек кеңсесинен байкап турган Reporter.kg окурмандарына кандай кеңеш берет элеңиз?

— Өз келечегиңерди өзүңөр пландагыла. Эгер пландабасаңар, силердин ордуңарга аны башкалар пландап коёт. Ливандагы согушта биз эң башкы нерсени түшүндүк — улуттарга же диндерге болгон жек көрүү жок. Болгону фашисттик идеологияга болгон жек көрүү бар. Ал эми бүгүнкү күндө терең диндар иудейлер да, диний кийим кийген адамдар да палестинаны колдогон митингдерде мусулмандар менен бирге турушат. Анткени адилеттүүлүк улутка карабайт. 

— Акыркы суроо. Көргөн нерселериңизден соң өзүңүздү бай сезип калдыңызбы?


— Биз Кыргызстан, Казакстан, Россия жарандары чогулткан чоң суммадагы жардамды тараттык. Бирок чыныгы байлык башка нерсе экен. Палестиналыктар жардам алып жатып бүт Кыргызстан үчүн дуба кылышат. Ал эми биз кайтып келип, бизге жардам бергендер үчүн дуба кылдык. Бул батанын, берекенин айланышы. Мен ал жактан ресторандан сатып алууга болбой турган сезим менен кайттым. Ал жерде бир табак тоок эти кошулган күрүч жана бир курманы чогуу жеп отуруп, чыныгы Рамазан эмне экенин түшүндүм. Чыныгы Рамазан бул көрсөтмөлүүлүк же жасалмалуулук эмес, ишеним, үмүт жана акыркы нанды тең бөлүшүү. 

Маектешкен Эльвира Сатыбекова

Scroll to Top