ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырды
Бүгүн, 13-апрелде, Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети «“Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү жеңилдигин берүү жөнүндө» токтом долбоорун жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документ «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктүн конституциялык принциптерин ишке ашыруу жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо, үй-бүлө институтун бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүүсүн стимулдаштыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында иштелип чыккан.
Ал кошумчалагандай, демилгенин негизги максаты — баатыр энелердин балдары үчүн Кыргызстандын ЖОЖдорунда (жогорку окуу жайларында) окууга 50 пайыздык жеңилдик киргизүү.
Чотоновдун айтымында, өлкөнүн демографиясын өнүктүрүүгө баатыр энелердин кошкон салымы өтө баалуу. Ошол эле учурда төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү байкалууда, бул 2030-жылга барып эле демографиялык саясатта көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн, буга байланыштуу ал кесиптештерине кайрылып, мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранды.
Чотоновдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда баатыр энелердин балдары болгон 569 студент бар, мынча сандагы студенттерге жеңилдиктерди берүү мамлекеттик бюджетке олуттуу оорчулук келтирбейт.
Ал баса белгилегендей, жеңилдик бир гана жолу берилет жана студенттер 23 жашка чыкканга чейин күчүндө болот. Ошол эле учурда абитуриенттер ЖРТ (Жалпы республикалык тестирлөө) боюнча босого баллды топтошу зарыл.
Комитет жактыргандан кийин, документ Жогорку Кеңеште андан ары талкуулоого жөнөтүлдү.