Кир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына барды

13.04.2026 | 16:32

Кыргызстандын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева 10-апрелде улуттук алдын алуу механизминин функцияларын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) атайын кабыл алуу жайына мониторинг жүргүздү, деп билдирет Акыйкатчынын катчылыгы.

Такталгандай, мониторинг жүргүзүлгөн күнү атайын кабыл алуу жайынын 24 камерасында 56 жаран (53 эркек жана үч аял) кармалып турган, алар санитардык-гигиеналык шарттарга даттанышкан.

Алардын айтымында, санитардык түйүндөр (ажатканалар) тазаланбайт, мындан улам камераларда жагымсыз жыт турат, ошондой эле самын жана даараткана кагазы жок.

Жалпысынан 2026-жылдын 1-январынан тарта (ред. эскертүүсү: түп нускада ушундай берилген) атайын кабыл алуу жайы аркылуу 2 миң 64 адам өткөн, алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулук, ээнбаштык жана мас абалында тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн жоопко тартылгандар.

Акыйкатчы ИИББдин атайын кабыл алуу жайынын башчысына камераларды өз убагында санитардык тазалоодон өткөрүүнү жана камактагыларга тиешелүү бардык гигиеналык каражаттарды берүүнү камсыз кылууну сунуштады.

«Кармап туруунун элементардык шарттарынын жана гигиеналык каражаттардын жоктугу — бул техникалык кемчилик эмес, КР Конституциясында жана эл аралык келишимдерде бекитилген адам укуктарынын сакталышына түздөн-түз коркунуч жаратат», — деп баса белгиледи Жаманбаева.

Ал мажбурлоо чараларын колдонуу адамдын кадыр-баркын басмырлоо же ырайымсыз мамиле кылуу менен коштолбошу керектигин белгиледи.

Акыйкатчы улуттук алдын алуу механизми мажбурлап кармоочу жайларга системалуу түрдө мониторинг жүргүзүүнү улантарын жана аныкталган мыйзам бузуулар четтетилбеген учурда мыйзамда каралган чаралар, анын ичинде чара көрүү актылары колдонулуп, компетенттүү органдарга кайрылуулар болорун эскертти.

Scroll to Top