«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалды

13.04.2026 | 17:56

Талас облусунда «Манас-Ордо» комплексин реконструкциялоо иштери уланууда. Курулуш министрлигинин маалыматында, курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы көзөмөлдөп жатат.

Бүгүнкү күндө комплексте административдик имараттын, соода жана эс алуу зонасы бар галереянын, каада-салттарды өткөрүүчү имараттын, ошондой эле конгресс-холлдун жана коттедждердин дубалдары тургузулду.

Долбоорго ылайык, комплекстин аймагында административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук архитектура элементтери камтылган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, салтанаттуу иш-чаралар үчүн аянтчалар, соода-эс алуу зонасы бар галерея жана 3 миң 500 орундуу маданий-коомдук иш-чаралар борбору курулат.

Комплекстин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Ошондой эле реконструкциялоонун алкагында музей имаратынын аянтын 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтүү пландалган. Жаңыланган музей кыргыз маданиятына басым жасоо менен заманбап жана улуттук стилде жасалгаланат.

Министрликтен белгилешкендей, «Манас-Ордо» акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу мындай масштабдуу жаңылануудан өтүп жатат.

Эске салсак, «Манас-Ордо» комплекси масштабдуу түрдө жаңыланары тууралуу 2025-жылдын августунда белгилүү болгон. Мындан улам былтыркы жылдын 1-августунан тарта комплекс убактылуу жабылган.

Scroll to Top