Акын, журналист Зайырбек Ажыматов 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты анын кесиптештери тастыктады.
Зайырбек Ажыматов, 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», Бишкек таймс» гезитеринде КТРКнын радио тармагында иштеген. Учурда «Жаңы Агым» гезитинде эмгектенген.
2014-жылдан тартып «Азаттык» радиосунда кабарчы болуп иштеп жаткан.
Акын 2019-жылдын 30-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамын алган.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Зайырбек Ажыматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.