УКМК Атамбаевдин ден соолугу тууралуу маалымат таратты

02.05.2020 | 12:10

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы мурдагы президент Алмазбек Атабмаевдин ден соолугу тууралуу маалымат таартты.

Абалы канааттандырарлык. Эч кандай арыздануусу жок, күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп жазылат атайын кызматтын кыскача билдирүүсүндө.

Буга чейин Кой-Таш окуясы боюна өтө турган соттук отурумдар Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу  жылдырылган болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

Scroll to Top