Баткен облусундагы жергиликтүү «Салам Медиа » радиосун жетекчиси, журналист Улукбү Амирова 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды.
Маалыматты маркумдун кесиптеши тастыктап, ал узак убактытан бери оору менен алышып келгенин кошумчалады.
Амирова 17-май күнү ооз ачардан кийин маркумдун кан басымы түшүп кетип, 18-майда каза болгон. Артында 1 уул, 2 кызы калды.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Улукбү Амированын көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.