Лейлек районунун Исфана шаарында Калашников автоматын мыйзамсыз сактап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз катчысы билдирет.
Куралды сактап жүргөнү тууралуу кабар милицияга түшкөндөн кийин бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам иликтөө жүрүшүндө Калашников автоматы 6 даана огу менен талаага жашырылган жеринен табылган.
Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүзүлүүдө. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.
[su_image_carousel source=»media: 30538,30539,30540,30541″ crop=»none» autoplay=»4″]