Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 15-июнга саат 10.00гө жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.
Бүгүн, 8-июнга белгиленген сот отуруму жактоочулардын келбей калганына байланыштуу жылдырылды.
Эске салсак, 1-июндагы отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тор артына кирүүдөн баш тарткан. Аны судья тергөө аяктаганга чейин сот залынан четтеткен.
Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.