Бир сутка ичинде илдеттен 1667 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эсепке COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар менен пневмония кошо көрсөтүлгөн.
Ооруканадан сакайып чыккандар төмөнкү аймактардан: Бишкек – 654;
Чүй облусу – 376;
Ош облусу – 181;
Талас облусу – 66;
Нарын облусу – 76;
Ысык-Көл облусу – 138;
Жалал-Абад облусу – 100;
Баткен облусу – 50;
Ош шаары – 26.
Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы айыккан жарандардын саны 14 миң 776.