«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Бир суткада 503 адамдан коронавирус табылып, 665 адам илдеттен сакайды
07.08.2020 | 11:15
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 503 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 7-августта өткөн брифинг учурунда билдирди.
“Бишкекте 125, Ош шаарында 51, Чүй облусунда 28, Ош облусунда 74, Талас облусунда 35, Нарын облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 81, Жалал-Абад облусунда 53, Баткен облусунда 47 кишиден вирус чыкты”, — деди Акматова.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 665 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.
18-марттан 7-августка чейин өлкөдө жалпы 39 162 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 30 764 адам илдеттен айыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом