Ак-Буурага 26 жаштагы жигит агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3-август күнү Ак-Буура каналынан 1994-жылы төрөлгөн эркек киши чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине ӨКМнын куткаруучулары тартылган. Бирок азырынча издөө иштери натыйжа бере элек.
Ак-Буура каналынан чөккөн адамды издөө иштери бүгүн, 7-августта дагы улантылат.