Бишкек шаарында сууга чөккөн 5 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бөбөк 10-августта Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
“Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына 5 жашар бала түшүп кеткен. Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн 25 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет”, — деп айтылат ӨКМнын маалыматында.