Бүгүн, 14-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ошол себептен, ӨКМ коопсуздук иш-чараларды сактоо керектигин эскертип, төмөнкүлөрдү айтты: — арыктарды тазалоо;
— суу өтүүчү түтүктөрдүн оозун тазалоо;
— кооптуу аймакта жашагандар, коопсуз жерге көчүүсү.