Чоң Чүй каналына чөккөн 5 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-августта ӨКМнын куткаруучулары баланын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Белгилей кетсек, 10-август күнү Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө ойноп жүргөн 5 жашар бала Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары тартылып, 8 күн күн издөө иштеринен кийин баланын жансыз денеси табылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кырсыктарды алдын алуу үчүн ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого чакырат.