Айзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койдуЕвропарламент Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу келишимди сентябрда карай тургандыгы айтылды
Шарабидин Токтосунов: Мадумаров таландыда калбасын деп талапкерлигимди алдым, – видео
24.08.2020 | 10:47
Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп барбайт. Бул тууралуу жактоочу өзү видео кайрылуу жарыялады.
“Тизме боюнча менин талапкерлигим 14-орунга катталганы партия ичинде интрига жаратты. Мен Адахан Мадумаровдун таландыда калуусун каалаган жокмун. Ошондуктан шайлоого аттануудан баш тарттым”,-дейт кайрылууда Токтосунов.
Буга чейин юрист Садыр Жапаров түптөгөн “Мекенчил” партиясынан өз ордун таба албагандыгын айтып, “Бүтүн Кыргызстандан” талапкер болгондугун жарыялаган.
https://www.facebook.com/100009931247426/videos/1241081092899587/
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат