Жашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулатАйыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту14-февралдын аба ырайы: Жаан, кар жаайт
Бишкекте убактылуу ачылган стационарлардын акыркысы жабылды
28.08.2020 | 09:30
Бишкекте коронавирус пандемиясына каршы ачылган күндүзгү стационарлардын акыркысы 27-августта жабылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык администрация муну калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташып калганы менен түшүндүрдү. Ага карабай мэрия элди кайдыгер болбоого чакырып, коронавирус коркунучу кете элек экенин эскертти.
Расмий кабарга ылайык, Бишкекте июлда ачылган күндүзгү, түнкү жана күнү-түнү иштеген стационарларда медиктер 106 222 адамга жардам көрсөттү.
Кыргызстанда 18-марттан 27-августка чейин коронавируска кабылган 43 459 адамдын 17 511и Бишкекте.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом